Эгемендүүлүктүн Бишкектеги майрамдык концертине 800 миң сом кетет

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата болуучу майрам негизинен Ала-Тоо аянтында өтөт. Бул туурасында "ВБ"га Бишкек мэриясынын маданият боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Малик Ракишев билдирди.

Анын айтымында, эгемендүүлүктү майрамдоонун алкагында маданият боюнча башкармалык бир нече иш-чараларды даярдады. Бардык китепканаларда "Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең" деген аталыштагы көргөзмөлөр өткөрүлөт. Ататүрк, Панфилов, Фучик парктарында жана Кара-Жыгачта райадминистрациялардын күчү менен балдар ансамблдеринин жана өздүк көркөм чыгармачылык топторунун массалык майрамдоолору, концерттери өтөт.

"Бардык билим берүү мекемелеринде Билим берүү башкармалыгы менен райадминистрациялардын күчү менен "Азыркы Кыргызстандын жана борбордун тарыхы" деген темада лекциялар менен жолугушуулар уюштурулат. Эгерде орчундуу иш-чараларды айтсак, Ала-Тоо аянтында театрлаштырылган көрсөтүү менен майрамдык концерт болот",-деди М. Ракишев.

Ал маданият боюнча башкармалыгы тарабынан Ала-Тоо аянтындагы майрамдык концертке жана кечинде андан кийинки атыла турган салютка 800 миң сом каралгандыгын билдирди.

"Мындан сырткары Эски аянтта студенттер, спортчулар: спорттук клубдун өкүлдөрү, гамнасттар, акробаттардын катышуусунда иш-чаралар өтөт. 30-августта "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде куран окулуп, Орто-Сайда мамлекеттик желек көтөрүлөт",-деп билдирди башкармалыктын жетекчисинин орун басары.

Ракишев маалыматынын аягында, 31-августта Ататүрк жана Фучик парктарында улуттук оюндар көрсөтүлөрүн кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД