Өкмөт инновациялык 100 мектепке 190 млн. сом бөлдү

Өкмөт инновациялык 100 мектепке 190 млн. сом бөлдү. Бул туурасында, бүгүн, 22-августта мамлекеттик жана жеке менчик жалпы билим берүүчү окуу жайлардын мугалимдери менен болгон жолугушууда социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова билдирди.

Анын айтымында, бул каражат өлкөнүн бардык аймагына тарай турган жаңы программаларды сыноого, жакын жайгашкан аймактарда профилдик окууларды уюштурууга, мультисервистик билим берүүчү чөйрөлөрдүн уюмдарынын эсебинен билимдин сапатын жогорулатууга, мугалимдердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуучу окууларды уюштурууга жумшалат.

Асымбекова сентябрда 100 миңден ашуун бала биринчи класска барса, миллиондон ашуун балдар менен өспүрүмдөр бала бакчалар менен мектептердин босогосун аттап өтөрүн билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД