Коалициядан чыгууга "Ар-Намыстан" 7 депутат кол койгон жок

Көпчүлүк коалициядан чыгууга "Ар-Намыс" фракциясынан 7 депутат кол койгон жок. Бул туурасында "ВБ"га өздүк булактардан маалым болду.

Эске сала кетсек, кечээ, 21-августта депутаттар "Биримдик" көпчүлүк коалициясынан чыгуу туурасында билдиришкен.

Бүгүн, 22-августта, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары көпчүлүк "Биримдик" коалициясынын чыга тургандыгы боюнча расмий билдирүү жасоого убада беришкен. Кечээ, коалициядан чыга тургандыктары боюнча депутат Асия Сасыкбаева билдирген эле.

Парламенттеги өздүк булактар билдиргендей, коалициядан чыгууга кол коюудан "ар-намысчылардан" Бакыт Төрөбаев, Эсенгул Исаков, Анвар Артыков, Абдырахман Маматалиев баш тартышты. Кайрылууга кол коюуда Турсунбай Бакир уулу менен Бакытбек Жетигенов болгон жок. Ал эми Бөдөш Мамырова "Ар Намыстын" мүчөсү болгону менен, бирок, коалицияга кирбегендиктен, кол койгон жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД