Акыркы 3 суткада "Тез жардам" 1500гө чукул чакырууга барган

Акыркы 3 суткада "Тез жардам" станциясынын дарыгерлери 1 483 чакырууга барды. Бул туурасында бүгүн, 22-августта "ВБ"га аталган станциясынын сменасынын башкы дарыгери Татьяна Челнокова билдирди.

Анын берген маалыматтары боюнча жардам сурап телефон чалгандардын саны дем алыш жана майрам күндөрү көп болот.

"19сунан 20сына караган бир сутка ичинде тез жардамга 700 жолу кайрылышты, бригада 521 ирет бардык; ал эми 20сынан 21ине караган күнү 717 чакырык катталып, 493 жолу бардык; 21инен 22сине караган күнү 669 жолу кайрылуу болсо, дарыгерлер 469 жолу барып келишти",-деди Т.Челнокова.

"Тез жардам" станциясынын дарыгерлери кеп-кеңештерди да берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөөрүн айтты.

Белгилей кетсек, "Тез жардам" станциясынын сменасынын башкы дарыгери "ВБ"га ысыктан улам вирустук жана ичеги-карын инфекцияларынын оорулары көбөйгөндүгүн айткан эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД