Казакстан Кыргызстандагы банк, соода жана өнөр жай тармагына кызыгат

Казакстандык инвесторлорду 2005-жылдан тарта биздин финансылык ишмердүүлүк, кайра иштетүү өнөр жайы жана соода тармагы кызыктырып келет. Мындай маалыматтарды КРдин статистика комитети берди.

Банк секторуна болгон инвестициянын басымдуу салмагын Казакстандан келген түз инвестициялар түзүп, жогорудагы мезгил аралыгында эсептегенде 62 пайызды көрсөткөн. Кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү 14 пайызды, ал эми соода 11 пайызды түзгөн.

Кыймылсыз мүлк боюнча операцияларга салынган инвестиция үлүшү 2005-2011-ж.ж. 6,6 пайыз, курулуш – 2,4 пайыз, тоо кен казуу – 0,44 пайыз, коммуналдык, социалдык жана жеке кызмат көрсөтүүлөр – 0,05 пайыз болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД