КСДП коалициядан чыгарын жарыялап, кайрадан мандаттын ээси болушу мүмкүн

Бүгүн кечинде же эртең КСДП фракциясынын депутаттары өздөрү түзгөн көпчүлүктүк "Биримдик" коалициясынан чыгышы мүмкүн. Бул туурасында "ВБ"га парламенттеги өздүк булактар билдирди.

ЖКда президент Алмазбек Атамбаев жакынкы күндөрү кайрадан эле коалиция түзүү мандатын КСДП фракциясына тапшырышы мүмкүн деп божомолдошууда.

Кийинки альянска "Ата Мекен", "Ар-Намыс", КСДП, балким, "Ата Журттун" көбүрөөк депутаттары кириши мүмкүн.

Эске сала кетсек, мындан бир нече күн мурда Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда ажырым пайда болду дешкен.

Мындан сырткары, коалицияга "Республиканын" 10го жакын депутаты кириши мүмкүн, аны көмүскөдөн фракциянын мурдагы лидери, Бабанов менен кызматтын айынан суук-селки болуп калган Канат Исаев жетектейт дешүүдө.

Парламентте учурда премьер-министрликтин талапкерлигине экс-өкмөт башчысы Амангелди Муралиевдин, УКМКнын төрагасы Шамил Атахановдун, президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин жана вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин ысымдарын аташууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД