Түрк президенти КР менен товар айлантууну $1 млрд. жеткирүүгө тапшырма берди

Бүгүн түштөн кийин Бишкекке Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине Түркия президенти Абдулла Гүл келет да, саммиттен кийин анын Кыргызстанга расмий сапары башталат.

Интернет-редакцияга түрк президентинин аппаратынан билдиргендей, анын учуп келиши Түркиядагы кезектеги террордук актылардын иликтенишине байланыштуу бир нече саатка кармалат.

Түркия президенти Абдулла Гүл "ВБ"га берген эксклюзивдүү маегинде билдиргендей, сапар алдында "бардык түрк бирикмелери менен уюмдарына Кыргызстанга бардык тармакта болушунча көмөк көрсөтүүгө тапшырма" берген.

"Орто жакындык мезгилде Түркия Кыргызстан менен болгон товар алмаштыруусун бир нече эсеге, б.а. 1 млрд. долларга жеткирүүгө" тапшырма бергендигин айтты.

Ал о.э. Стамбулдагы Таксим аянтындагы Михаил Фрунзенин эстелиги бар экендигин билгендигин, ал Кыргызстанда бар экендигин кызыгуу менен уккандыгын айтып берген.

Түркия башчысы өлкөсүндө Чыңгыз Айтматов чоң урмат-сыйга ээ экендигин, бирок, тилекке каршы, убакыттын тардыгынан, бул сапар залкар жазуучунун жайына бара албай тургандыгын, келерки сапарында сөзсүз барууга ниет кылып жаткандыгын билдирген.

Абдулла Гүл анын өлкөсү Кыргызстандагы футболчуларды даярдоону (футбол – түрк прездентинин сүйүктүү спорту - vb.kg) колго аларына да убада берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД