Депутат Айнуру Алтыбаеванын планшетнигин Ысык-Көлдөн уурдап кетишкен

ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаеваны Ысык-Көлдөгү пансионаттарынын биринен планшетник компьютерин уурап кетишкен. Бул туурасында "ВБ"га областтык ИИБсинен билдиришти.

Мурдараак 21-июлда, Ысык-Көл райондук ИИБсине Казакстан жараны Аманбаева "Золтые пески" пансионатынан анын кара түстөгү кол сумкасын уурдап кеткендигин, анын ичинде 11 400 тенге бар экендиги айтып арыз менен кайрылган.

Ысык-Көл райондук ИИБсинин иликтөө бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Алар Балыкчы шаарында туулган, 1987-жылкы Улугбек Жангазиевди кармап, далилдүү буюмдарды табышкан. Ал буга чейин да ушундай уурулук кылып, темир тордун артында отуруп чыккан.

Кармалган жаранга айып тагылган, Ысык-Көл райондук ИИБсинин иликтөө бөлүмү тарабынан райондук анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, сотко камакка алуу боюнча сунуштама киргизилген.

Бирок, Ысык-Көл райсотунун судьясы Исаев берилген сунуштаманы канаттандырбай, Жангазиевди башка аймакка чыгып кетпейсиң деген талап менен чыгарып жиберген.

Эркиндикте жүргөн Жангазиев Кара-Ой айылындагы "Алтын-Көл" пансионатындагы бөлмөлөрдүн бирине кайрадан уурулукка кирип, ЖК депутаты Айнуру Алтыбаеванын 900 долларлык планшеттик компьютерин уурдап кеткен.

Кармалган адамга айып тагылып, Ысык-Көл райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы аныкталып, камакка алынды. Далил буюмдар алынып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД