Мамлекеттик департаменттин чиновниктери 5 млн. сом уурдады деп шектелүүдө

Отун энергетикалык комплексинин жөнгө салып туруу Мамлекеттик департаментинин кызматтагы адамдар 5 млн. сомду уурдап алды деген шектелүүдө. Бул боюнча "ВБ"га кыргызстандын укук коргоо органдарынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Уюшулган кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Башкы башкармалыктын кызматкерлери, аталган департаменттин чиновниктери 2007-жылдын июнь айынан 2011-жылга чейин Бишкек Жылуулук электр станциясынын алынган электр кубатын "Корундут гидроток" ЖЧКсы үчүн атайын арзандатышкандыгын таап чыгышкан.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, аталган ишканага сатылган электр кубаты Мамдепартамент тарабынын мониторинг жүргүзүлүп, көзөмөлдөнүп турган. Жыйынтыгында, мамлекетке 5 млн. 364 миң сомдук зыян келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД