Гүлдүн Кыргызстанга болбой калган сапарын терракт менен байланыштырышты

Абдулла Гүлдүн эртең, 24-августта Кыргызстанга болбой калган расмий сапарын Түркиянын чыгышында болгон терракт менен байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай пикирлерди түркиялык журналисттер айтышты.

Буга чейин журналисттерге КР президентинин аппаратындагы булактар Абдулла Гүл өзүн жаман сезип, грипптин алдындагы абалда болгондуктан, визиттин болбой калышы туурасында чечим кабыл алынды деген маалыматты айтышкан.

Бирок, түркиядык журналисттердин пикиринде, Гүл мындай трагедиялык окуялардан кийин эли менен менен бирге болууну чечсе керек.

Эске сала кетсек, бүгүн бир катар кыргыз-түрк документтерине кол коюлду, алардын ичинде Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин жаңы Уставы да бар бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД