Air Bishkek: Учак Москвадан саат 18:00дө учат

Создуктурулуп, бир суткадан ашуун учпай турган Москва – Бишкек аба каттамы Бишкек убактысы боюнча 18.00дө (Мосвка убактысы боюнча 16.00дө) учат деп билдиришти "ВБ"га Air Bishkek авикомпаниясынан.

Мурдараак kr716 аба каттамынын учагы кечээ, 22-августта (Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө) учуп чыгышы керек эле.

Air Bishkekтен аба суднасында бир катар анча чоң эмес бузулуулар болуп калгандыктан каттам учпай кармалып турган.

Жүргүнчүлөрдүн билдиргенине караганда, эл үшүп, өзгөчө балдар менен улгайган адамдар кыйналып кеткен. Компаниядан элди тамак-аш менен камсыз кылабыз деп ишендиришти.

Air Bishkekтин Москвадагы телефондору: +7 (926) 046-75-33, 699-41-35; Бишкектеги тел: +996 (312) 29-82-13, 29-82-14, 66-60-43, 96-10-28.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД