"Кумтөрдөн" чет элдик кызматкерлер үчүн акы төлөөнү талап кылышты

КРдин Социалдык фонду 17-июлда "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык АКсына бардык чет элдик кызматкерлер үчүн 1993-жылдын 15-февралынан тарта бүгүнкү күнгө чейин акы төлөө талабын жөнөттү.

Ошентин, Соцфонд бир тараптуу түрдө 1994-жылдын 23-августунда түзүлгөн келишимди жараксыз деп тапты, деп билдирилет КОКтун маалыматында. Соцфонд инвестициялык келишимде каралган КОК Кыргызстандын жарандарына гана аталган фондго төлөм кылат деген эрежени бузууну талап кылууда.

Мындан сырткары Соцфонд жөнөткөн катында "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасын бийик тоолуу шарт үчүн жумушчулардын 2010-жылга чейинки төлөмүнүн камсыздандыруу акысын талап кылган. Бул боюнча Соцфонд менен талаштуу маселе 2011-жылдын аягында сотко чейинки иштер менен жөнгө салынган. КОК аталган фондго 2010- жана 2011-жылдарда төлөм боюнча айырманы которуп, андан сырткары кызматкерлерге бийик тоолуу аймакта иштегендиги үчүн кошула турган каражаттын камсыздандыруу төлөмүн мындан ары кошуп төлөп турууга макул болгон эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД