УОК президенти $800 айлыкты аз деп эсептейт

Улуттук олимпиада комитетинин жылдык бюджети 4 кызматкердин айлыгын кошкондо 50 миң доллар. Бул туурасында Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин (УОК) президенти Мурат Саралинов билдирди.

Анын айтымында, УОКтун президентинин айлыгы 800 доллар. "Мен олимпиадалык комитеттин айынан мамлекеттик кызматымды жана "Газпромдогу" ишимди таштадым",-деди ал.

Саралинов спорттун өнүгүшү үчүн жеке өзүнүн каражатынан жумшап, андан сырткары тааныштары менен досторун демөөрчү катары тартып жаткандыгын билдирди.

"Мага ар кыл көө жабуулар башталгандан тарта тааныштарым"Өзүңдүн акчанды кетирсең, анысы аз келгенсип бизди да тартасың. Бул сага керекпи деген суроолорду беришти",- деди УОКтун жетекчиси.

Мындан сырткары Саралиновдун пикиринде, Олимпиадада өлкөнүн эч нерсеге ээ болбой калгандыгына УОКту күнөөлөшүүдө, бирок, спортчуларды даярдоо комитеттин милдетине кирбейт, болгону ал өлкөдөгү олимпиадалык иштерди, кыймылдарды гана үгүттөп, жарнамалай алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД