Алмазбек Атамбаев өкмөттүн отставкасы боюнча жарлыкка кол койду

Бүгүн, 24-августта президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн отставкасы боюнча Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президентти маалымат саясаты боюнча бөлүм билдирди.

Жарлыкка ылайык, КСДП, "Ар-Намыс", "Республика", "Ата Мекен" депутаттык фракцияларынын ортосундагы 2011-жылдын 16-жана 20-декабрындагы макулдашуулардын негизинде түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде фракциялардын "Биримдик" парламенттик көпчүлүк коалициясынын статусун жоготкондугу жөнүндө расмий билдирүүгө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 7-бөлүгүнө, 87-беренесинин З-бөлүгүнө , "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1- бөлүгүнүн 1-пунктуна, 4- бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 8- бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын өкмөтүн отставкага кетирүү чечим кабыл алынды.

Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин өкмөтүнүн мүчөлөрү өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин тиешелүү түрдө мурда ээлеген кызматтарына ылайык Өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткарууну уланта бере тургандыктары билдирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД