Кыргызстандык мигранттарга орус мыйзамдарын сактоого жардам беришет

Орто Азиялык мигранттарга жардам берүү фонду Санкт-Петербург шаарына келген мигранттарга пайдалуу кеңештер жазылган юридикалык сурап-билүү китепчесин чыгарды. Анда Түндүк борборго келген мигранттарга жергиликтүү мыйзамдар менен салттарды кантип сактап, жашап-иштөө боюнча кеңештер берилген.

"Орто Азиядан бул бейтааныш шаарга келген көп мигранттар кантип жана кайда убактылуу каттоого турушту, ишке уруксат алышты, ишти жана жашай турган жерди кантип табышты, ишке кирүүгө кандай документтен керек болорун биле беришпейт",-дейт Орто Азиялык мигранттарга жардам берүү фонду түрагасынан орун басары Ихтьержон Козубоев. "Мекенинде мындай нерселерди үйрөтпөгөндүктөн, мигранттардын көбү Россияда иштөөгө каалоосу күчтүү болсо да, мыйзамдуу түрдө кире албайт. Биз мындай көрүнүштөрдү жок кылууну каалайбыз жана мигранттар Санкт-Петербургга көнүп, ыңгайлашкыдай керектүү, пайдалуу кеңештерди бергенге аракет кылабыз. Бул нерсе эмгек мигранттарынын тарабынан жасалган мыйзам бузуулардын санын азайтат деген үмүтөбүз",-дейт И.Козубоев.

Фонддун адистери Санкт-Петербургга келерде кандай документтерди даярдаш керек, шаарда келгенде кантип туура каттоого туруш керек, кантип иш менен жашай турган жайды таап, кантип медицианалык жардам алса болот деген маселелерди камтыган юридикалык сурап-билүү китепчесин түзүштү. Анда орусча сүйлөшмө, Санкт-Петербург шаарынын картасы менен метронун схемасы киргизилген. Бул китепче керектүү болгондорго бекер таратылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД