Марс Сариев: Тарап кетүү парламенттен да кыйгап өтпөйт

"Өлкөдө саясий кризис байкалууда. Өкмөт тарагандан кийин, менимче, 2013-жылдын жазында же күзүндө мындай тагдыр парламентти да күтүп турат",-деп "ВБ"га бүгүн, 24-августта Марс Сариев өз оюн билдирди.

Анын пикиринде жакынкы арада көпчүлүк коалиция түзүлүшү керек жана жаңы министрлер кабинетин аныкталат.

"Мага суроо жаратып жаткан нерсе – азыркы фракциялар коалиция кура алышабы жана анын узакка иштешине күмөнүм бар. Мындай коалиция менен түзүлгөн өкмөт деле туруктуу болбойт",-деп билдирди саясат таанучу Сариев.

Биздин маектештин пикиринде, Өмүрбек Бабанов жаңы өкмөттө кандайдыр бир кызматка келбейт. "Премьер-министрлик кызматтан кийин, башка орунга келбейт болушу керек".

Президент өзүнүн позициясын аныктагандан соң, эми өкмөттүн отставкасынан улам массалык түрдө толкундоолор, кыязы болбойт деп кошумчалады Сариев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД