Бакытбек Жетигенов: Коалицияга КСДП, "Ар-Намыс", "Ата Мекен" кирет

"Азырынча партиялар арасында көпчүлүктүк жаңы коалицияны түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Коалицияга КСДП, "Ар-Намыс", "Ата Мекен" кирет деп ойлоп жатам",-деди "ВБ"га "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Бакыт Жетигенов.

Анын айтымында, "Ата-Журттун" лидери Камчыбека Ташиевдин оппозициялык партия болбойбуз деген билдирүүсү жаңы коалицияга кирүүгө болгон ниетин билдирет. Депутаттар "Республика" фракциясы менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Депутаттын божомолунда, жаңы коалиция менен министрлер кабинети түзүлүп калат.

Жетигеновдун пикиринде, коалиция түзүүнү президент өзүнүн КСДП фракциясына тапшырат.

Ал келечектеги өкмөт курамы туурасында, азырынча сүйлөшүүлөр баштала электигин билдирди. "Премьер-министрлик орунга Жоомарт Оторбаев жана президенттик аппараттын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлиги каралууда",-деп белгиледи.

Азырынча "Ар-Намыс", анын өкүлүнүн айтымында, премьер-министрдин жана министрдин талапкерлиги боюнча аныкташа элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД