Санкт-Петербургда волонтерлор кыргыз мигранттарына орус тилин үйрөтөт

Россиянын түндүк борборунда эмгек мигранттардын балдарын окуткан "Дети Петербурга" деп аталган волонтерлор долбоору иштеп баштады. Демилге көтөргөндөр "В контакте"деп аталган интернет колдонуучулар ресурсунун тобу болду. Алар 3 айда 400 катышуучунун башын кошуп, тил үйрөтүүчү 3 аянтча ачышкан. Жакынкы арада мындай жайдан дагы үчтү ачууну пландашууда. Белгилей кетсек, бул долбоор, ыктыярдуу түрдө, б.а. волонтёрлук негизде, мамлекет тарабынан эч кандай каражат албай окутулат.

"Санкт-Петербургда мигранттардын балдары улам көбөйүп бара жатканы эч кимге деле жашыруун эмес. Мындай балдарга кадимки мектептерге көнүш өтө кыйын. Ал эми мамлекет бул маселенин чечүү жолун эми гана караштырып жатат. Социалдык түйүндө мигранттардын балдарын орус маданиятын үйрөтүү боюнча кыймыл пайда болду. Эң кызыгы, кайдыгер карабай үн кошкон ондогон мугалимдер, логопеддер, студенттер, жөн гана социалдык жаткан жоопкерчиликтүү россиялык жарандар чыкты",-дешти акциянын уюштуруучулары.

50 бала катышкан сабак жумасына эки ирет өтөт. Мындан сырткары интернетте http://detipeterburga.ru/ сайты пайда болуп, окшош аталыштагы коомдук уюм түзүлдү. Учурда аны каттоодон өткөрүүгө документтер тапшырылды.

"Биз Москва, Новосибирск жана бир катар ири шаарлардан буга кайдыгер карабаган мугалимдер жана активдүү ата-энелерден каттарды мезгил-мезгили менен алып турабыз. Мындай тажрыйба өлкө боюнча зарыл экендигин көрсөттү",-дешти активисттер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД