Beeline II кварталда 1,9 млрд.сом пайда тапты

Sky Mobile (Beeline уюлдук байланышы) ЖЧКсынын тапкан акчасы II кварталдагы 1 млрд. 896 млн. сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 18%га көбөйгөн деп айтылат компаниянын расмий сайтында.

Кыргызстандагы Beeline абоненттери 2012-жылдын II кварталына салыштырмалуу 13 пайызга көбөйгөн. Абоненттердин үч айлык активдүү базасы 2 млн. 368 млн. абонентти түзгөн.

Компанияда интернетти Beeline аркылуу колдонгондор жыл ичинде 47 пайызга өсүп, аталган кызматтын колдонгондорду тейлөөдөн былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 121 пайызга көп акча түшкөндүгүн билдиришти.

2012-жылдын II кварталында Beeline 337 млн. сом салык төлөгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД