Ош областындагы автокырсыктан жети адам каза тапты

Ош областындагы Бишкек-Ош жолунун 638-чакырымында автокырсык болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматында, "Мерседес" менен "Ниссан" машинелери сүзүшүп, анын кесепетинен жети адам каза таап, үчөө ар кандай жаракат алышкан.

Учурда каза болгондордун аты-жөнү, дареги такталууда. Жараат алгандар областтык ооруканага жеткирилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД