КСДП фракциясында өкмөт башчылык кызматка өз мүчөсүн сунуштоо ниети жок

КСДП фракциясында өкмөт башчылыгынын кызматына өз партиясынын мүчөсүн сунуштоо ниети жок. Бул туурасында фракция өкүлү Эгемберди Эрматов бүгүн, 27-августта "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында фракциялар арасында көпчүлүктүк фракцияга кирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды. "Кайсыл фракциялар кирери азырынча так эмес. "Ата Мекен" менен "Ар-Намыс" кирүүнү каалап жатат. "Ата-Журт" менен "Республика" белгисиз болуп турат",-деп айтты депутат.

Э.Эрматовдун айтымында, премьер-министрлик кызматка биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, УКМК башчысы Шамиль Атаханов, президенттик аппараттын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев жана "Centerra Gold Ink."тин директорлор кеңешинин мүчөсү Амангелди Муралиевдин талапкерлиги каралып жатат.

"Өкмөт башчысын дайындоодо анын ишти алып кете ала турган сапаттары гана эмес, психологиялык, руханий жагы жана тажрыйбасы да каралмакчы",-деп белгиледи депутат.

Министрлер кабинети жаңыланабы деген суроого, "жакшы иштеген" министрлер кайра дайындалышы мүмкүндүгүн айтты.

Анын айтымында, фракция ар күнү чогулуп, башка фракциялардын өкүлдөрү менен кеңешүүдө. "Президент бизге тапшырды, эми биз парламенттеги татыктуу көпчүлүктүк коалицияны түзүшүбүз керек",-деди эл өкүлү.

Эске сала кетсек, президент Алмаз Атамбаев КСДП фракциясына парламенттеги фракциялар менен көпчүлүктүк коалиция түзүү мандатын тапшырган Жарлыкка кол койгон. Эми КСДП фракциясы 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүп чыгып жана премьер-министрдин ордуна талапкерди сунушташы керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД