Болот Шер: Мен Өмүрбек Бабанов үчүн ок жөнөтөм

"Мен Өмүрбек Бабанов үчүн ок жөнөтөм да, экинчисин өзүм үчүн калтырам",-деди бүгүн, 27-августта "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Болот Шер журналисттер менен жолугушууда.

Анын айтымында, Бабанов 3 күн катары НТС каналынан аны мародер катары көрсөттү.

"Сен 5-апрелде мага, Таласка келип саясаттан алыстап калганыңды айтып, менден жардам сураганыңды унутуп калыптырсың. Мен жөнүндө айтып жаткан киши апрель баатырларынын эстелигин ачууга моралдык акысы жок",-деп айтты ал.

Ал Өмүрбек Бабановдун буйругу менен түзүлгөн комиссия иликтөө жүргүзүүсү керектигин айтты. "Эгерде комиссия менин морадёр экендигимди айтса, мен экинчи окту өзүмө жумшайм, сенин күнөөлөгөнүң аныкталса, анда ошол экинчи окту да сага жөнөтөм",-деди ал.

Ал окту конвертке салып жөнөттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД