КСДП менен "Ар Намыс" коалицияга кирүүгө сүйлөшүп жатышат

КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков менен "Ар Намыстын" лидери Феликс Кулов көпчүлүктүк коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Кулов КСДП менен көз караштары бир жерден чыкандыктан, өз фракциясы менен коалицияга кирүүгө толук даяр экендигин айтты. Сүйлөшүү бүгүн, 27-августта, болуп жатат.

Турсунбеков коалицияга кирүүнүн негизги милдеттеринин бири саясат менен эмес, реалдуу түрдө чарбалык маселелер менен алектенүү экендигин белгиледи.

Жолугушуунун уланышы менен ЖМК өкүлдөрүн залдан чыгууну суранышты.

Турсунбеков парламенттеги башка фракция лидерлери менен да жолугууну бүгүнкүгө пландады.

Эске сала кетсек, президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясына парламенттеги фракциялар менен көпчүлүктүк коалиция түзүү мандатын тапшырган Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, аталган фракция 15 күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүп чыгып жана премьер-министрдин ордуна талапкерди сунушташы керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД