КСДП менен "Республика" коалицияга кирүүнү талкуулап жатышат

КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков менен "Республиканын" лидери Алтынбек Сулайманов көпчүлүк коалицияга кирүү боюнча талкуу жүргүзүп жатышат. Турсунбеков көпчүлүк коалиция куроо мандаты КСДПкага берилгендигин эскертти.

"Алдын ала жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө биздин фракция коалицияга кирүү ниетин жана макулдугун билдирди. Акыркы чечим фракциянын отурумунан кийин белгилүү болот ",-деди Сулайманов.

Талкууну депутаттар ЖМКнын катышуусуз өткөрүүнү чечишти.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясына парламенттеги фракциялар менен көпчүлүктүк коалиция түзүү мандатын тапшырган Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, аталган фракция 15 күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүп чыгып жана премьер-министрдин ордуна талапкерди сунушташы керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД