Ахматбек Келдибеков өз партиясын түзүүнү пландоодо

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков өзүнүн партиясын түзүүнү пландоодо. Бул туурасында "ВБ"га парламенттеги булактар билдирди. Бул маалыматты парламентарийдин өзү тастыктай элек.

Маалыматтарга караганда жаңы партиялык органды Келдибековдон сырткары, депутаттар Марат Султанов менен Курманбек Осмоновдун каржылай тургандыгы айтылууда.

Жаңы партия Бишкек шаардык кеңешине болуучу шайлоонун алдында пайда болушу күтүлгөн, бирок, аны түзүү мөөнөтү жылышы мүмкүн.

Эске сала кетсек, "Ата-Журт" фракциясынын бирдиктүү позициясы туурасында расмий билдирүү болгону менен, парламенттик бирикмедеги ажырымды депуттар өздөрү моюнга алышууда: ал Ахматбек Келдибековдун жана Камчыбек Ташиевдин тарабы болууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД