Кыргызстандын өкмөтүнүн сайтына хакерлер чабуул жасады

Бүгүн, 28-августта, Кыргызстандын өкмөтүнүн расмий сайтына хакерлер тарабынан чабуул жасалды. Бул туурасында КР өкмөтүндөгү маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Анда сайтты талкалоого тиешеси барларды таап жана аларда жоопко тартуу боюнча иш чараларды кабыл алуу боюнча кат УКМК жана ИИМге жөнөтүлгөнү айтылат.

Учурда Кыргызстандын өкмөтүнүн расмий сайты өчүрүлүп турат жана адистер кайра калыбына келтирүү иштерин бүткөндөн кийин иштеп баштайт деп билдирилген маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД