Бишкекте 1-класска 8 миң бала барары аныкталды

"Борбордогу мектептерге 8 миңге жакын бала барат, бирок, орундар боюнча көйгөйлөр жаралууда. Бишкекке келген көп ички мигранттардын балдары да окушу керек",-деп билдирди бүгүн шаар мэри Иса Өмүркулов шаардын мектептеринин директорлору менен жолугуп жатып.

Мэрдин айтымында, кээ мектептерде окуй тургандар арбып, орун жетишпей жатса, кээ бир мектептерде класстар толбой жатат.

"Ата-энелер балдарын жакшы окуткусу келет. Мисалы, быйыл №17 мектепке миң окуучу арыз берген, себеби, билим сапаты жакшы. Андыктан, биринчи иретте ошол аймакта жашагандарды кабыл алып, калгандарынан баш тартып, бирок, бош орундар бар мектептерге жөнөтүү керек",-деп айтты мэр.

Шаар башчысынын айтымында, мектеп директорлору ата-энелерге сылык-сыпаа түрдө түшүндүрүп, баш тартышы керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД