Казахстан КРге сата турган газдын баасын жыл аягына чейин өзгөртпөйт

Казахстан Кыргызстанга сата турган жаратылыш газынын баасын жыл аягына чейин өзгөртпөйт. Жаңы тарифтер 2013-жылга каралмакчы. Бул туурасында бүгүн, 28-августта "Кыргызгаз" ачык АКсынын генералдык директору Тургунбек Кулмурзаев журналисттердин басма сөз жыйынында билдирди.

Эске сала кетсек, 2011-жылдын 1-октябрынан тарта КР түндүк аймагы үчүн жаратылыш газын Казакстандан сатып алат. Бирок, казакстандыктар бизге өзбек газын сатат. 2011-жылы көгүлтүр оттун миң кубометрин 195 доллардын алсак, 2012-жылдан январынан тарта баасы 224 долларга чыккан. Кыргызстан келишим боюнча 300 млн. куб жаратылыш газын сатып алган.

КРдин түштүк аймагы газды Өзбекстандан алат. Баасы - миң кубометр 290 доллар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД