"Газпром" КРдеги эки мунай кенине чалгындосун күчтөндүрүүдө

"Газпром" ЖЧКсы Кыргызстандагы эки – Көгарт жана Чыгыш Майлуу-Суу-4 аймагындагы мунай кендерине болгон чалгындоосун активдештирүүдө. Бир топ убакыттан бери комапниянны өкүлдөрү "Кыргызгаз" ачык АКсынын эксперттери менен иштеп жатышат. Бул туурасында бүгүн, 28-августта "Кыргызгаз" ачык АКсынын генералдык директору Тургунбек Кулмурзаев журналисттердин басма сөз жыйынында билдирди.

Учурда "Газпром зарубежнефтегаз" чалгындоо аянтын тактап чыгып, аны көбөйтүү боюнча ниетин айтып жатат.

Эки мунай кенин чалгындоо боюнча маселе кыргыз-орус биргелешкен жумушчу тобунун отун-энергетикалык комплексинин сентябрдагы жолугушуусунда толукталып каралмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД