Рита Карасартова: ЖСнын судьялар корпусу 31-августта отставкага кетиши мүмкүн

"Эгерде президент Сотторду тандоо кеңеши тарабынан тандалып алынган 32 талапкердин жок дегенде, 23үн бекитсе, анда 31-августта өлкөнүн азыркы Жогорку Сотунун судьялар корпусу отставкага кетет",-деп билдирди бүгүн, 28-августта журналисттердин басма сөз жыйынында "Коомдук анализ институтунун" төрайымы Рита Карасартова.

21-августта Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Сотунун судьялыгына талапкерлердин тизмесин президент Алмаз Атамбаевге берген. Эми регламенттин негизинде, мамлекет башчысы 10 күн ичинде сунушталган талапкерлерди же бекитиши же четке кагышы керек.

Президент 23 талапкерди бекитсе, кеңеш тандоону улантат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД