Активисттер түз эфирди үзгүлтүккө учуратты

Бүгүн, 28-августта КТРКнын студиясында 12 кенди сатуу боюнча аукцион болуп жаткан түз эфирге бир нече адам күч менен кирип барып, аны үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашты.

Өздөрүн коомдук активисттербиз деп атаган бир нече адамдар "Кыргыз жерин сатканга жол бербейбиз!" деп кыйкырышты. Алар алып баруучудан микрофонду тартып алышып, аукционго катышып жаткан компаниялардын өкүлдөрү менен кайым айтышып кетишти. Окуя болуп жаткан жерге тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жетип келишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД