Санкт-Петербургдагы мушташта кыргызстандыкты өлтүрүп салышты

Мурдараак ЖМКлар, 26-августта Санк-Петербург шаарында, саат болжол менен 23.30.-00.00 ортосунда Москва проспектинде жайгашкан "Макдоналдс" ресторанынын артында жаштар мушаша кетип, анда Кыргызстан жараны өлтүрүлгөн деген маалымат беришкен.

ТИМдин маалымат, маданият жана басма сөз башкармалыгы, КРдин Санк-Петербургдагы Ардактуу консулдугунун маалыматына таянып, 1985-жылы Алайдын Гүлчөсүндө туулган Самат Мамасалиевди жаш балдардын тобунан себепсиз эле желкеге уруп жиберип, ал көз жумгандыгын билдирди.

Мындан сырткары ушул мушташта Санкт-Петербургдун Александрийск ооруканасына КРдин жараны, 1990-жылы Алайдын Гүлчөсүндө туулган Кенешбек уулу Ишен жаткырылган. Кенешбек уулу Ишен да бир нече жаракат алган.

Санкт-Петербургдагы Ардактуу консулдуктун кызматкерлеринин маалыматында Кенешбек уулу Ишен азыр үйгө чыккан жана дарыгерлер абалын канаттандырарлык деп айтышкан. Ага Россия тарабынан алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД