Каныкей ырчы АКШда ырдайт жана "Салам, Нью-Йорк" тасмасына тартылат

Каныкей ырчы АКШда концерт берип, андан сырткары "Салам, Нью-Йорк" тасмасына тартылат. Бул туурасында "ВБ"га ырчы өзү билдирди.

Кыргызстандын эгемендигин Каныкей АКШда жашаган биздин мекендештер менен майрамдайт. Ырчы Америкага кыргызстандыктардын Kyrgyz Club эл аралык бирикмесинин чакыруусу менен кетти. 2010-жылы Kyrgyz Club аны Нооруз майрамын белгилөөгө чакырышкан.

Каныкей режиссер Руслан Акундун "Салам, Нью-Йорк" тасмасынын тартылышына катышат. Азыр тартып жаткан команда Американын шаарларынын биринде иштеп жатат. Ырчынын айтымында, майрамдык концерт тасманын кадрына түшөт.

Андан сырткары Каныкей Американын ири шаарына барып, кездешкен кыйынчылыктарына карабай, максатына жеткен кыргыз жигитинин тарыхы туурасындагы бул кинотасмага жазылган эки саундректин автору.

Биринчи ыр лирикалык мүнөздө, эмоция көп. Анда үмүтүңдү өчүрбөй, алдыга жыла бер деген ой камтылган,-деп айтып берди ырчы. Ал эми экинчи композиция көтөрүңкү, патриоттук маанайда, аны өзүнчө эле гимн деп койсо да болот экен. Сөзү менен музыкасын ырчы өзү жазыптыр. Ал саундтрект жазуу өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү экендигин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД