Садыркуловдун соту соттолуп жаткан адамдын адвокатынан улам болбой калды

Садыркуловдун өлүмүнүн соту жана дагы эки кишинин иши соттолуп жаткан мамлекеттик күзөт кызматынын жогорку кызматтагы адамдардын кайтаруу бөлүмүнүн жетекчиси Марат Турдукуловдун адвокаты келбегендигинен улам үзгүлтүккө учурады.

Бүгүн, 29-августта эки жумалык эс алуу мөөнөтүнөн кийин териштирүүгө адвокат өз учурунда келген жок. Буга байланыштуу судья Марлен Тентемишев адвокат сотко келгичекти тыныгуу жарыялады.

Турдукулов өзгөчө оор кылмыш менен күнөөлөнүп жаткандыктан, мыйзам күнөөлөнүп жаткан адам сотту адвокатсыз улантууну кааласа да, сот анын адвокатын териштирүүлөрүнө катышууга милдеттендирерин судья Тентимишов маалымдады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД