Чүй областы менен Бишкекте күйдүргү боюнча эпидситуация жакшы эмес

Чүй областы менен Бишкекте күйдүргү оорусу боюнча эпидситуация кубантарлык эмес. Карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын Республикалык борборунун эпидемиолог-дарыгери билдиргендей, жыл башынан бери күйдүргүнүн 3 учуру катталган. Кемин, Панфилов райондорунда жана Бишкек шаарындагы 3 учурда тең ооруну теридеги формасы кезиккен.

Мындай кооптуу оорунун таралыш себеби, мал-жанга көзөмөлдүн начардыгы жана өздүк гигенаны сактабагандык. Жогоруда айтылган эки райондон ооруп келгендер союуга аргасыз болгон малдын этин мал доктурдун алдын ала текшерүүсүз бөлгөндө жуккан. Ал эми Бишкектик бейтап жылкынын этин кармалап жана анын ич этинен тамак даярдап жатканда сактануу эрежелерин сактабаганы үчүн жугузуп алган.

Татьяна Самсонованын айтымында, өлкөдө жылына 2ден 73кө чейин ооруп калгандар катталат. Күйдүргүнүн 2008-жылы 46 учуру, 2009-жылы – 11, 2010-жылы – 28 жана 2011-жылы 13 учуру кезиккен.

Карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын Республикалык борборунун кызматкерлери күйдүргү болушу мүмкүн деп шектелген Баткен областынын жашоочусу бүгүн ооруканага жаткырылгандыгы боюнча маалымат алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД