Кыргызстандыктарга паспорт алуу жеңил жана арзан болмокчу

Эртең Бишкекте Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасында КРдин атуулдарынын документтерин персонификация кылуу боюнча заманбап борбор ачылат. Бул туурасында, бүгүн, 29-августта "Инфокомдун" PR-менеджери Анара Мамытова билдирди.

Борбордун ачылышы документтерди персонификациялоонун жана тез арада алуунун акысын азайтып жана кошумча жумушчу орундарын түзөт.

Бул заманбап борбордун ачылышы менен бирге эле райондук почта бөлүмдөрүндө элди тейлөөчү борборлор ачылат, ал жерден элдин документти алуусу кыска аралыкта болуп жана арзан түшөт.

Эске сала кетсек, Мамкаттоо кызматы менен түштүк кореялык Park & OPC ишканаларынын ортосунда КР жарандарынын паспортторун персонификациялоо боюнча Мамлекеттик борборду түзүү, анын программалык камсыздоосу жана ага керектүү аппараттарды берүү боюнча эки тараптуу кол коюлуп, жардам грант түрүндө келе турган болгон.

Бул келишим премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Сеулга жасаган сапарында курамына Park & OPC ишканасы да кирген "Девон" корпорациясынын жетекчиси менен жолугушууда чечилген. Кыргыз тараптан келишимге "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Кирилл Исмаилов жана Түштүк Корея жактан Park & OPC компаниясынын техникалык директору Пак Ёнг Су кол койгон эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД