Тарых музейиндеги президенттик белектер бөлүмүнөн баалуу экспонаттар жоголду

Мамлекеттик тарых музейиндеги президентке берилген белектер бөлүмүнөн баалуу эки экспонат жоголуп кетти. Бул туурасында "ВБ"га өздүк булактардан маалым болду.

Музейдин кызматкерлери экспонаттардын жоголгондугун танбайт, азыр музейде салыштырып, текшерүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирип, бирок, конкреттүү кайсы экспонаттар жоголгондугун айтпай коюшту.

Музейдин директору Анаркүл Исиралиева эмгек эс алуусунда болгондуктан, аны таба албадык.

Маданият жана туризм министрлиги "ВБ"га муну июндун аягында музейдин директорунан уккандыгын айтышты.

Миинистрликтин статс-катчысы Нурмамат уулу Нурдавлет бул боюнча комиссия түзүлгөндүгүн жана Башкы прокуратурага да маалымдалгандыгын айтты.

"Азыр ишти Биринчи Май райондук прокуратурасы иликтеп жатат, биздин адистер аларга атайын методикалык жардамдарын көрсөтүүдө",-деп кошумчалады статс-катчы.

Чиновниктин айтымында, комиссиянын ишинин жыйынтыгы жакында чыгып калат жана аны дароо министрге билдиришет.

"Эгерде биздин адистер кошумча комиссия түзүү зарылдыгын айтышса, аны да түзөбүз. Бул масееле азыр көзөмөлдө турат",-деп ишендирди Нурмамат уулу Нурдавлет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД