Александр Князев: Кыргызстанга же Уго Чавес же сырттан башкаруу керек

"Кыргызстанга же Уго Чавес же сырттан башкаруу керек",-деп айтты бүгүн, 29-августта, "Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгы, өткөн окуялар жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр" деп аталган тегерек столдо Россиянын илимдер академиясынын чыгыш таануу институтунун аймактык программаларынын координатору Александр Князев.

Саясат таануучунун айтымында, Кыргызстандагы парламентаризмди "экинчи деңгээлдеги майыптык" деп атаса болот. Мен Алмаз Атамбаевди өтө чабал президент деп билем. Ал ар бир активдүү саясатчы менен ар бир актвивдүү премьер-министрден коркот. Ал эми парламент аткаруу бийлигинин отставкасынан өлкөнүнү анча чоң эмес ресурстарынын бөлүнүшүн көрөт",-дейт Князев.

Саясат таануучунун айтымында, келерки өкмөттүн өмүрү мындан да кыскараак болот. "Көпчүлүк коалициянын курмынан чыгып кеткен фракциялардын аркасынан президет Алмазбек Атамбаевдин караанын көрүүгө болот",-деп айтты.

Бул абалдан чыгуунун бирден бир жолу катары саясат таануучу "Оорулуу органдарды – өлкөнүн саясий элитасын кесип алып салыш керек ",-дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД