Велоспортчу Евгений Ваккер дүйнөлүк чемпионатка даярданууда

Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер Голландиядагы дүйнөлүк чемпионатка катышат. Кыргызстандагы велоспорт федерациясынын билдиргенине караганда, Ваккер эл аралык Memorial Davide Fardelli жарышынан кийин, жекече жарышта Chrono Champenoisке катышат. Веложарыш 8-9-сентябрда Францияда өтөт. "Андан кийин Ваккер Голландиядагы дүйнөлүк чемпиона чыгат",-деп билдиришти федерациядан.

Эске сала кетсек, Ваккер Азия оюндарынын беш жолку күмүш байгесинин ээси, Азиянын беш жолку чемпиону, трек боюнча Азия кубогун жеңип алган, "В" тобу боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, булардан тышкары ал эл аралык бир топ веложарыштардын жеңүүчүсү, 3 Олимпиаданын катышуучусу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД