Макешов: Аукциондун болбой калышы чет элдиктерге чагылган түшкөндөй эле болду

"Жергиликтүү инвесторлор элдин агрессивдүү кылык-жоруктарына көнүп калышкан",-деди "ВБ"га берген маегинде Кыргызстан ишкерлер союзунун башкармалыгынын мүчөсү Чыңгыз Макешов.

"А бирок, чет элдик инвесторлорго бул жийиркеничтүү кылыктар ачык күндө түшкөн чагылган сымал болуп, алласын оозунан түшүрдү. Биз Кыргызстанда түз эфирдеги аукционду кандай сонун, анан татыктуу өткөрөрүбүздү аларга далилдесек дегенбиз. Бирок, жыйынтыгында ошол чет элдик инвесторлор эмнени көрдү? Мен ошол абал бийликтин чабал экендигин дагы бир жолу көрсөттү деп ойлойм. Мамлекетти башкарат деп ишеним берилген адамдар бийликти вертикаль түрүндө алып кетип, башынан тартип орнотушу керек эле. Бекер жеринен "зомбулукка мамлекеттин монополиясы" деген түшүнүк пайда болгон эмес да. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө экономиканын тагдыры үчүн жооп бере турган адамдар саясатка аралашып кетишти. Мамлекетти башкаруу деген жолдо калды. Анын жыйынтыгынын бири –эл кирип келип, үзгүлтүккө учураган түз эфир",-деди Макешов.

Макешов белгилегендей, "балээнин баары өлкөдөгү саясий абалдын туруксуздугунан болууда. Андыктан, республикага убада бергенди эле билген эмес, инвесторлордун кол тийбестигинин сакталышыны кепилдик берген мыкты жетекчилер зарыл".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД