Финансы министрлиги: Амангельди Муралиевдин айлыгы 18 миң доллар

Кыргыз-канадалык алтын өндүргөн Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор-кеңешинин экс-мүчөсү жана "Кыргызалтын" ачык АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы А.Муралиевдин айлыгы 18 миң доллар. Бул туурасында Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Коррупциянын алдын алуу жана каржылык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Бакетаев иштеген пенсионерлердин жарым айлыгын кыскартуу маселеси боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Бакетаeв Финансы министрлиги иштеген чиновник-пенсионерлердин айлыгынын жарымын кыскаруу туурасында сөз болуп жаткандыгын билдирди.

"20-30 миң сом айлык алган алган чиновниктерден башкаларынын акчасын кыскарталы деген нерсе жок. Мисалы, кеп кайсы бир тетя Маша туурасында эмес, мисалы, А.Муралиев сыяктуу чиновниктер туурасында болуп жатат",-деди ал.

Долоор боюнча мамлекеттик кызматта иштеген, 10 миң сом айлык алган чиновник-пенсионердин акчасынын жарымы мамлекеттин эсебине кесилет. Бирок, бул - мамлкеттик кызматкер деп эсептелген мугалимдер менен дарыгерлерге тиешелүү эмес, деп тактады Бакетаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД