Хаджимурат Коркмазов өз фракциясынын отурумун шоу деп атады

"Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Хаджимурат Коркмазов парламенттик көпчүлүк коалицияга кирүү боюнча талкуу болгон фракция отурумуна катышкан жок. Бул туурасында "ВБ"га депутат өзү билдирди.

Өз фракциясынын отуруман катышпагандыгынын себебин эл өкүлү айткан жок.

"Мен бул шоуга катышкым келбейт", -деди депутат. Бирок, эмнеге отурумду антип атап жаткандыгына да түшүндүрмө берген жок.

Учурда фракциялар арасында парламенттик көпчүлүк коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД