Чет жакка чыга турган паспортту эми 350 сомго алса болот

Бүгүн, 30-августта Бишкекте Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасында КРдин атуулдарынын документтерин персонификация кылуу боюнча заманбап борбор ачылды.

Мамкызматтын жакында эле дайындалган жетекчиси Айгүл Рыскулованын айтымында, биринчи сынап көрүүчү кыргызстандык улуттук паспорттор бүгүн чыгарылат. А.Рыскулова буга кошумча тышка чыкканда пайдаланчу паспортторду аталган борбордон мурдагыдай 500 эмес, 350-370 сомго чыгарууга мүмкүнчүлүк бардыгын айтты.

"ID-карттар 100 сомдун тегерегинде болот. Эгерде буга чейин паспортту даярдоого бир айга жакын убакыт кетсе, бул мөөнөт эми 2 жумага кыскарат. Паспортторду элге эртеңден баштап эле бул борбордон бере баштайбыз деп айта албайм. Белгилеп кетчү нерсе, паспортторду чыгаруучу программанын системасы жөнгө салынгандан кийин гана чыга баштайт",-деп түшүндүрдү Рыскулова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД