Республикачылар Исаевди саясий кеңешке кайтарып келүүсүн талап кылышты

Канатбек Исаевдин тарапкерлери аны "Республика" партиясынан чыгарып салуу мыйзамсыз дешти. Бүгүн, 30-августта саясатчынын тарапкерлери басма сөз жыйынын өткөрүштү. "Партиянын атын жаманатты кылгандар Өмүрбек Бабанов менен Исхак Пирматовду "Республиканын" катарынан чыгарууну талап кылабыз",-деди Чүй райондук кеңешинин депутаты Нурлан Кудайбергенов.

Анын айтымында, партиянын съезди өткөрүлгөн эмес.

"Бир нече адам чогулуп бул чечимди кабыл алдык. Эгерде Исаевды чыгарган чечим өзгөртүлбөсө, биз, партиянын миңдеген мүчөлөрү анын катарынан чыгып кетебиз",-деп айтты райкеңештин депутаты.

Басма сөз жыйынында сүйлөгөндөр саясий кеңеш бардык партиянын пикирин эске албай туруп, Исаевди партияны жаманатты кылган үчүн чыгардык деп түшүндүрдү дешти.

"Республиканын" ажырымы боюнча Токмок шаардык кеңешинин депутаты Мырза Жаманбаев, бул жерде бир гана кишинин – Ө.Бабановдун кызыкчылыгы саясий кеңештен да жогору коюлуп жатат деген пикирин билдирди.

"Чыгып сүйлөгөндөрдүн айткандары партиянын позициясын билдирбейт, партиянын мүчөсүбүз деген булар каяктан келип калышты билбейм",-деди алардын пикирине кошулбаган, партиянын башка бир мүчөсү Канболот Карымшаков.

Ал Исаев партиянын уставына ылайык эле чыгарылгандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, басма сөз жыйынга Канатбек Исаевдин өзү келген жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД