Республикачы депутат: Сатыбалдиев премьерликке жарайт

Президенттик аппараттын азыркы жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министрлик кызматка жарайт. Мындай оюн "ВБ"га "Республика" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров билдирди.

Анын пикиринде Жантөрө Сатыбалдиев көп жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп келе жатат жана тажрыйбасы пайдасын берет.

Анын пикиринде, Сатыбалдиев ЖК депутаттарынын алдында өзүнүн өнүктүрүү программасын окуп, даярдалып жаткан реформалары боюнча айтып берсин же Өмүрбек Бабановдун баштаган реформаларын уланта берерин айтсын.

Ал эми Бабанов жөнүндө депутат ал партиянын иштери менен алек болуп, жакындап келе жаткан Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна даярдык кылышы керектигин айтты. "Андан сырткары Бабановго тагылган күнөөлөрдөн кийин аны министрлердин жаңы кабинетинен көрбөй элемин",-деди Бакиров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД