УКМК: Төңкөрүш болбойт

"Бүгүн, 3-сентябрда мамлекеттик төңкөрүш болбойт",-деп билдирди "ВБ"га УКМКнын басма сөз кызматынан.

"Төңкөрүш жасоо үчүн жаштар массалык түрдө шаарга агылып келип жатат деген маалымат болгон. Бирок, "Республика" партиясынын өкүлдөрү муну жокко чыгарышты ",-деп айтты аталган ведомстводон.

Маалымат берген адам, тынчтык митингдери болушу мүмкүн, ага ИИМде зарыл делген чаралар көрүлгөндүгүн белгиледи.

Эске сала кетсек, 30-августта саясат таануучу Табылды Акеров ЖМКларга, 3-сентябрда даярдалып жаткан төңкөрүш жөнүндө айткан. Ал массалык түрдө болуучу толкундоолорду анын айткандарын "нейтралдаштырууга" аракет кылып, "Республика" партиясы тарабынан даярдалып жаткандыгын белгилеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД