Депутаттар сессияны ачып эле таркап кетишти

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңеште парламенттин кезектеги сессиясы ачылды. Ачылышта гимн ойнолду, спикер Асылбек Жээнбеков бүгүн регламент боюнча парламент комитеттерде ишин баштарын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн эл аралык иштер жана коргонуу комитеттеринин жыйыны болот. Азырынча комитеттердин курамы ошол бойдон эле.

Эске сала кетсек, "Биримдик" коалициясы ураган. 1-сентябрда"Ар-Намыс", КСДП жана "Ата Мекен" фракцияларынан турган жаңы альянс түзүлгөн. Жаңы коалициянын лидери- "Ар-Намыс" фракциясынан Феликс Кулов болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД