Гүлнара Дербишованы 7 миң доллар пара үчүн кармашты

Гүлнара Дербишованы 7 миң доллар пара үчүн кармалды. Бул туурасында "ВБ"га Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынан билдиришти.

Дербишова 31-августта, КРдин эгемендүүлүк күнү, 7 миң доллар пара менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Андан кийин Биринчи Май райондук соту санкция берип, ал жакта бир ай отурмай болду.

Тергөө аныктагандай, Гүлнара Дербишова Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп турганда, балдарды багып алууга чет элдик жарандарга уруксат берген документтерди эларалык уюмдарга берүүдө опузалоо жолу менен 30 миң доллар пара алган деп айтыпталууда.

"Опузалоо менен пара алган" жана", " Пара алган" деген беренелери менен кылмыш иши козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД