Кыргызстан Кытайдан жол курулушуна 100 млн. доллар алат

Кыргызстан Кытайдан Ош - Баткен – Исфана кара жолун куруу долбоорунун экинчи фазасы үчүн 100 млн. доллар грант алат. Мындай макулдашуу КР президенти А.Атамбаевдин Кытайдагы кыска мөөнөттүү иш сапарында чечилди. Бул туурасында бүгүн, 3-сентябрда, президенттин аппаратынын тышкы байланыштар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди.

Мындан сырткары анын айтымында, Кытай тарап үч заводдун курулушуна каражат бөлүү ниетин билдирди. Ал машина-трактор, азот жер семирткич чыгаруучу жана пахта менен текстиль продукцияларын кайра иштетүүчү заводдор.

Исаковдун билдиришинче, Атамбаев долбоорду ишке ашырууга тиешелүү болгон процедураларды иштеп чыгып, даярдоо боюнча өкмөткө тапшырма берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД