"Ата-Журт" үч депутаттан мандатын тапшырууну талап кылды

"Ата-Журт" саясий партиясынын мүчөлөрү мурдагы үч депутаты Роман Шин, Хаджимурат Коркмазов жана Нарынбек Молдобаевден мандатын тапшырууну талап кылышты. Бул туурасында бүгүн, 3-сентябрда, саясий партиянын мүчөлөрү журналисттерге билдиришти.

"Ата-Журт" саясий партиясынын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкуловдун билдиришинче, Шин, Коркмазов жана Молдобаев партиянын саясий кеңешинен чыгарылды, алар өздөрү билдиргендей, өз калоосу менен кеткен жок.

"29-августта партиянын жыйынында башка депутаттар менен блокко кирип кеткендиги үчүн чыгарылды. А 30-августта алар партиянын "улутчулдук" маанайы туурасындагы билдирүүлөрдү тарата башташкан",-деди Жаныкулов. Анын айтыманда, жогоруда аталган депутаттар партиянын отурумуна келген жок.

Ал ЖКнын депутаттарынан депутаттарды чакырып алуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сурады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД